"Манас" аба майданында 2 Кытай жараны 3 алтын куйманы мыйзамсыз алып бара жеткен жеринен кармалды

Эл аралык “Манас” аба майданында 2 кытайлык жаран 3 алтын куйма менен кармалды. Бул тууралуу “Манас” аба майданынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн саат 10:15те №6006 Бишкек-Үрүмчү каттамына каттоодон өткөрүүдө аба коопсуздугу кызматынын кызматкерлери тарабынан текшерүү учурунда Tang Dingkun жана He Guangxin аттуу Кытай жарандарынан 3 уютулган алтын чыккан. Алардын баалуу металлды өлкөдөн алып чыгуу боюнча эч кандай документи жок экендиги аныкталды. Бул мыйзамсыз аракеттерди жасаган Кытай жарандары жана алтындар Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилгенин кошумчалайт аталган басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан