Ош шаарындагы борбордук аянтка отургузулуучу гүлдөр алмаштырылып жатат. Шаардагы Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба-комбинатынын багбаны Жаанбай Турсункулов берген маалыматка ылайык, акыркы 5 жылдан бери аянттагы гүлдөр алмаштырылган эмес.
"Борбордук аянттагы гүлдөрдүн көп жылдан бери алмаштырылбаганын эске алып, көрктөндүрүүнү ушул жерден баштадык. Быйыл жылдагыдан эрте гүл отургузулуп жатат. Ага аба ырайы да жакшы шарт түзүп берүүдө. Ал эми гүлдөр 600 чарчы метр аянтка отургузулат",- деди ал.