Бүгүн, 24-декабрда Каракол шаарынын мэриясынын кичи залында "Ысык-Көл облусунда ишкерчилик мүмкүнчүлүктөрүн колдоо” долбоору боюнча маалымат жыйыны болуп өттү. Ага облустун ишкерлери, ММКлардын өкүлдөрү катышты. Белгилей кетсек, долбоордун максаты - Ысык-Көл облусунда аракеттеги ишканалардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтөө жана жаңы ишканаларды ачуу. Аймактын инвестициялык-экономикалык картасын түзүү жана андан аркы каржылоону сунуштоо үчүн Ысык-Көл облусунда орто жана кичи ишканалардын, анын ичинде аракеттеги ишканалардын бизнес-долбоорлорун топтоо жүргүзүлөт. Маалымат чогултуунун жыйынтыгы боюнча облустагы Бөкөнбаев, Кызыл-Суу айылдарында, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында маалымат топтоонун жыйынтыгы боюнча бизнес-коомдоштуктары үчүн 4 семинар-конференция өткөрүлөт.