Ош облусунун Араван районунда жазгы талаа иштери башталып, картошка жана капуста эгилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта өкмөттүн Ош обусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдындагы Аймактык башкармалыгынын башчысы Болот Жолдошев билдирди. Анын айтымында, Кара-Суу районунда да картошка эгүү иштери жүрүп жатат.