Ак-Сай - Рават унаа жолунун 8 чакырымы курулуп бүттү. Бул тууралуу Ош - Баткен - Исфана унаа жолунун башкы инженери Икрамали Акматов бүгүн, 19-мартта журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, аталган унаа жолунун жалпы узундугу 25 чакырым. Аталган жол Лейлек районун, Сүлүктү шаарын, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүн көз карандысыз транспорт каттамы менен камсыз кылат. Себеби Ош - Исфана унаа жолунун 269-чакырымындагы (Көк-Таш айылы) 275 метр аралык Тажикстандын аймагына карайт. Ал аралык 49 жылга ижарага берилген.
“Бүгүнкү күнгө чейин аткарылган курулуш иштеринин баасы 5,3 миллион сомду түздү. Унаа жолунун жалпы сметалык баасы такталууда. Эгер каражат убагында бөлүнсө, жыл аягына чейин колдонууга берилет”,- деди Икрамали Акматов.