Жалал-Абаддагы тамак-аш сатуучу жайлардын 90 пайызынын санитардык абалы талапка жооп бербеси аныкталды

Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан тамак-аш жана соода-сатык мекемелеринин санитардык абалы жана жаз, жай мезгилдеринде иштөөгө даярдыгы жөнүндө атайын комиссия түзүлүп, текшерүүгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

“Биз эки күндөн бери тамак-аш сатуучу жайларга рейд уюштуруп, талапка жооп бербеген жайларга эскертүү берип, айрымдарына акт түзүп жатабыз. Эки күн алкагында 90 пайыз тамак сатуучу жайлар талапка жооп бербей тургандыгы байкалды. Негизинен иштеп жаткандардын санитардык китепчелери жок, тазалык сакталган эмес жана жашы жете элек өспүрүмдөр иштешет экен”,- деди комиссиянын мүчөсү Гулина Базаркулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhanarbek80
2014-03-19 22:43:40
жакшы иш башташыптыр ошолор озгондогу тагалардын ашканаларын текшерсе екен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан