"Тажик чек арачылары мага 3 жолу автомат такашты". Бул тууралуу Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.
Айтымында, бул айылда кыргыз-тажик аралаш жашайт. Такталбаган чек ара тилкелери көп. Жумасына жок дегенде 5 жолу чыр-чатак болуп турат.
“Бүгүнкү күнү тынч уктабай калдык. Бул жерде жашаган өтө кооптуу. Мына, 14-мартта эле мектепте окуган 7-класстын 5 окуучу кызын тажик балдар уруп коюшуптур. Мындан улам эки тарапта тең эл топтолгон. Мен барып окуянын чоо-жайын сурайын десем, тажик чек арачылары мага автоматын такашты. Мен да “атсаң ат” деп туруп алдым. Анан биздин чек арачылар келип калышты. Ортодо түшүнбөстүктөр чыгып, эки тараптын бири-бирине таш ыргытуусу башталды. Саат 12де башталган таш бараң саат 17де бүттү”,- деди Разия Өсөрова.