Тибеттик мастифтин күчүгү 2 миллион долларга сатылды

Сейрек кездешүүчү ит породаларынын бири тибеттик мастифтин күчүгү 12 миллион юанга сатылды (2 миллион долларга жакын). Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта чет элдик маалымат булактары кабарлады. Бул ит эң кымбат баада сатылганы менен жаңы рекорд койду. Буга чейин эң кымбат мастиф 2011-жылы 10 миллион юанга сатылган.

Маалыматка ылайык, мындай ит породаларын багуу менен алектенген Чжэцзян шаарынын тургуну алтын түстүү күчүгүн кымбат баада курулуш иштери менен алектенген бизнесменге сатканын жергиликтүү гезиттердин бирине билдирген.  

Таза кандуу тибеттик мастифтин ит базарында эң кымбат бааланып келгени анын панда сыяктуу эле өтө сейрек кездешери менен түшүндүрүлөт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
infiniti
2014-03-19 18:02:02
Адамдан да кымбат го?
+1
kg-zzzzz
2014-03-19 22:55:49
infiniti сен не озуну 2 миллион доллардан ылдый коросунбу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан