Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы диний кырдаал кооптонтуп жатканын билдирди
“Кыргызстандагы диний абал мени да коркутуп жатат" деп моюнга алды президент Алмазбек Атамбаев. Анын айтымында, өлкөдөгү диний абал татаалдашып, бул тармак 4-5ке бөлүнүп жатышы мамлекет үчүн кооптуу. "Учурда дин тармагындагы кырдаал боюнча тиешелүү чаралар көрүлбөсө, аягы
жамандык менен бүткөнү турат. Дин мамлекеттен тышкары дегенде болбойт. Дин жаатында кыргызга күйгөнү да, күйбөгөнү да жүрөт. Керек
болсо Кыргызстанды жок кылууну көздөгөндөр да бар. Бул боюнча азыркы учурда ойлонуп, бир чечим кабыл алуунун жолун карап жатабыз”,- деди президент.