Кытайдагы кыргыз элчиси Кытай Коргоо министринин орун басары менен жолугушту. Бул тууралуу Кытайдагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. 20-декабрда Кытайдагы Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ж.Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлигинин Тышкы иштер боюна канцлери, министрдин орун басары, генерал-майор Цы Гой менен жолугушту. Жолугушууда Цы Гой эки тараптуу кызматташтыкка жогорку баа берди. Кыргызстандык элчи Кытай тарапка куралдуу күчтөр боюнча кызматташуусуна ыраазычылык билдирди. Кулубаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында Кыргызстанда кандай иш-чара болсо да, жогорку деңгээлде өткөрүүгө даяр экенин билгиледи.