Москвада Нооруз майрамына карата сүмөлөк кайнатылып, эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өтөт

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы менен биргеликте Нооруз майрамын белгилөөгө даярдык көрө баштады. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева маалымдады. 

Майрам күнү меймандарга салттуу тамак болгон сүмөлөктү ооз тийгизүү иш-чаранын негизги элементи болмокчу. Сүмөлөктү кайнатуу элчиликте 20-мартта башталат. Ал эми 21-март күнү эртеден кечке чейин майрамдык иш-чарага келген бардык конокторго сүмөлөк таратылат. 

Мындан сырткары 20-март күнү кечинде Москвадагы кафелердин биринде да майрамдык салтанат болуп, майрамдын музыкалык бөлүгүндө кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү чыгармаларын тартуулашат. 

Эстрада жылдыздары 22-мартта өтүүчү Нооруз майрамына карата Москва бийлик өкүлдөрү уюштурган концертке да катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurzada1992
2014-03-20 12:37:54
Кайсыл жерде болот экен? Дарегин толук жазып кое аласыздарбы?рахмат чоон
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан