Алмазбек Атамбаев "Эмнеге журналисттерге маек курууга макул болбой келесиз?" деген суроого жооп берди

"Мен көп сүйлөгөндү эмес, иштегенди жактырам",- деди Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жолугушуу маалында. Анын айтымында, жергиликтүү жана дүйнөлүк ММКлардын өкүлдөрүнөн интервью алуу максатында көптөгөн сунуштар түшүп, аларга макулдук берүүгө шарт боло элек. "Азыр мактана турган ийгилигибиз аз, дагы көптөгөн иштерди жасашыбыз керек. А бирок журналисттер менен жолугушууларды өткөрүп туруш керектигин азыр сезип жатам. Бул боюнча ойлонобуз",- деди президент. Айта кетсек, Алмазбек Атамбаев бул сөздөрдү "Эмнеге журналисттерге маек курууга макул болбой келесиз?" деген суроого жооп катары билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан