Кыргызстандагы эң узун бойлуу жаран Жеңишбекке социалдык тармактар аркылуу чогултулган каражат эртең, 21-мартта өзүнүн колуна тапшырылат

Жеңишбектин жардамга муктаж экенин уккан Орусиядагы кыргыз атуулдары 11-мартта социалдык тармактардын бириндеги “Керемет жерим - Кыргызстан” аттуу топко тема ачып, каражат чогултуп башташкан. Учурда Орусияда жүргөн студенттерден жана катардагы мигранттардан 11 000 рубль, Кыргызстанда жашаган жарандардан 2500 сом чогулган. Бул каражат эртең, 21-мартта Жеңишбектин колуна толук бойдон тапшырылат.  

Бүгүн, 20-мартта топтун активдүү мүчөсү Турсунбек уулу Максат SUPER.KG порталына билдиргендей, бул иш- чарада чогулган каражат Жеңишбек Райымбаевдин дарысына жана жалпы эле күнүмдүк керектөөлөрүнө аз да болсо жарап берсе деген ойдо уюшулган. “Орусияда жүргөн студенттер, мигранттар колдорунан келишинче жардам көрсөтүштү. Ал эми Кыргызстандын аймагынан жардам бергендер аз болууда”,- дейт ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tumarchik
2014-03-20 19:45:12
Ушул жигитке Камчыбек Ташиев озу эле 200 или 300 доллар бергенин оз козум менен коргонмун видеосун Россия боюнча болгону 11000 рубль келсе уят кыргызстандан 2500 сом кана биздин милионерлер байлар 80-100 мин айлык алган атка минерлер ошолор да жардам берсе болотко мен депутат болгонумда озум эле 50 мин сом бермекмин элдин акчасын жеп атсам 50 мин сом тишимдин кычыгындагы акчадай эле болмок да анда мага. Бул акча эмнеге жетсин.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан