SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Чыгыш элинин жаңы жылы болгон Нооруз майрамы менен куттуктайт!
Жаздын илеби менен кирип келген Нооруз майрамы - берекенин, сабырдуулуктун, кубанычтын, тазалануунун, мээримдүүлүктүн, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам. Нооруз майрамында элибизди тынчтыкка, ынтымакка, биримдикке, ак эмгекке чакырган аруу каалоо-тилектериңиздер ишке ашышына тилектешпиз.
Улуу майрамда өлкөбүздө бейпилдик, токчулук болуп, жүрөктөрүбүз кубанычка, жылуулукка, сүйүүгө, ишенимге жана турмуштук күч-кубатка толо берсин!
Бул майрам ар бириңиздердин үйүңүздөргө кут кондуруп, ишиңиздерге ийгилик, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин!
Нооруз майрамыңыздар кут болсун!