Нарын облусундагы райондордо Ноорузга арналган иш-чараларды көзөмөлдөөгө 312 милиция кызматкери тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Аймактагы коомдук коопсуздукту сактоого 35 кызматтык автоунаа да кызмат кылат. Ал эми Нарын шаарындагы борбордук аянттагы салтанаттуу иш-чараларга 73 милиция кызматкери тартылып, алар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшмөкчү.