Бишкек шаарында жол чырактарга үн коштоочу жабдууларды орнотуу уланууда. Бүгүн, 24-мартта Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, көзү начар көргөн адамдар үчүн ири көчөлөрдүн кесилиштеринде орнотулуп жаткан жол чырактардын саны 10го жетти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын эсебинен 7 жол чырак үн коштоочу жабдуулар менен толукталса, 2014-жылы 3 жол чырак үн чыгара баштаган. 2014-жылы дагы 3 көчөнүн кесилишинде ушул багытта иш алып баруу пландалган.