Жылдан-жылга аракечтикке берилген аялдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Ош облустар аралык наркология борборунун дарылоо бөлүмүнүн башчысы Алаберди Мухлисов билдирди.
Анын айтымында, учурда аталган мекемеде дарыланып жаткандардын арасында 20 жаштан ашкан кыз-келиндер бар. Ал эми жыл башынан бери 15 аял кайрылган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.