Ош шаарындагы жаңы ачылган Диний окуу борборуна Ош шаарынан жана жалпы Ош облусунан 22 дин өкүлү тартылды. Алар 8 ай аралыгында дааватка чыгуунун жол-жоболорун, тартибин жана максатын үйрөтүп, анан дааватка чыгууга уруксат беришет. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Ош шаары жана Ош облустук казыятынын алдындагы аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамиля Жапашова билдирди.
Анын айтымында, окуу курсунун жүрүшүндө дааватчыга тиешелүү адеп-ахлактан тартып кийген кийимдерге чейин үйрөтүлөт.