“Эркин эл” саясий партиясы ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков баштаган Улуттук оппозициялык кыймылга кирбейт. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде маалымат жыйынында аталган партиянын лидери Мавлянбек Аскарбеков билдирди.
Анын айтымында, “Эркин эл” партиясы оппозициялык кыймыл менен айрым маселелер боюнча пикирлери дал келгендиктен, кызматташууга макул болгон.
“Биздин партия көз карандысыз. Биз эч кимге баш ийбейбиз. Эгер Улуттук оппозициялык кыймылдын пикирлери биздики менен дал келбесе, биз кызматташууну токтотобуз”,- деди Аскарбеков.