Бүгүн, 1-апрелде АФКнын Кубогунун 4-тур оюндарынын алкагында Оштун «Алай» жана Иорданиянын «Шабаб-Аль-Ордон» футболдук командалары беттешет. Ага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына чакыруулар берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элзат Абдраимова билдирди.
Маалыматка ылайык, беттешке Кара-Суу районунун Партсъезд айылындагы Дадан Султанов атындагы балдар жатак-мектебинен 50 окуучу келет. Ал эми Ош шаарындагы В.Терешкова мектеп-интернатынан 20 окуучуга акысыз чакыруу баракчалары берилген.
Айта кетсек, чакыруунун негизги максаты ата-энелердин мээримине муктаж болгон балдарга аз да болсо көңүл буруу болуп эсептелет.