Батыш Африка мамлекеттери учурда Эбол эпидемиясынан кооптонуп, өз ара чек араларын жаап жатышат. Гвинеяда бул вирусту жуктуруп алып өлгөндөрдүн саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Гвинеяда жыл башынан бери бул ооруга чалдыккан 122 жарандын 78и көз жумган. Вирус коңшу Либерия мамлекетинин аймагында да катталып, бардык региондорду каптоо коркунучу жаралууда. Кооптонуудан улам Сенегал мамлекеттик чек арасын жаап салды. Дарыгерлердин айтымында, бул ооруну көзөмөлгө алуу мүмкүн эмес.
Эбол вирусу эң коркунучтуу оорулардын бири катары мүнөздөлүп келет жана андан жабыркагандардын 25-90 пайызы өмүрү менен коштошот. Оору аба жана кан аркылуу жугат.