Бүгүн, 1-апрелде КРнын Чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев Ош шаарында болгон иш сапарынын алкагында Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Райимберди Дүйшөнбиев Ош жана Жалал-Абад облустарынын Аймактык чек ара башкармалыгынын жаңы жетекчиси Кубатбек Жээнбаевди жергиликтүү бийлик жана күч органдарынын кызматкерлери менен тааныштырды.
Кеңешменин жүрүшүндө Чек ара кызматынын башчысы “кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арада инженердик иштер уланат” деп баса белгиледи жана чек арачылардын кызматына өзгөчө көңүл буруларын билдирди.