КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматы 2014-жылдын март айындагы коомдук кабылдаманын жумушунун жыйынтыгын жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын март айында коомдук кабылдамага 328 жаран кайрылып, алардын арасынан:
- Өзүнүн келүүсү менен – 151;
- Ишеним телефону аркылуу – 162;
- Электрондук почта же веб-сайт аркылуу 15 жаран кайрылган.
КРнын УКМКсынын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына түшкөн арыздарда төмөнкү органдардын кызматкерлери боюнча маалымат болгон:
Арыздарды караштыруунун натыйжасында КРнын УКМКсынын тергөө бөлүмдөрү жана башка укук коргоо органдары жалпысынан 4 кылмыш ишин козгоду.