Ош шаарындагы “Сулайман тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексин көрүү үчүн келгендердин саны жыл башынан бери 11 565 адамды түзөт. Алардын 144ү чет элден келген жарандар. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде аталган мекеменин орун басары Бактыгүл Мидинова билдирди.
Анын айтымында, жыл башынан бери 150 саякат өткөрүлгөн.