Ош облусу боюнча жазгы талаачылык жумуштарына 2995 тонна күйүүчү май керектелет. Ал эми 1010 тонна бензин жана 129 тонна дизелдик моторлук май даярдалган. Бул тууралуу региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адисинин милдетин аткаруучу Талантбек Жолдошов бүгүн, 2-апрелде билдирди. Анын айтымында, облус аймагында 2124 трактор жазгы талаа иштерине даяр.