“Жер алдына унаа токтотуучу жайларды салуу менен Бишкектеги унаа токтотуучу жайлардын маселесин чече алабыз”,- деди бүгүн, 2-апрелде шаар мэри Кубанычбек Кулматов шаардык кеңештин депутаттарын борбордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча программасы менен тааныштыруу учурунда.
Анын айтымында, учурда коомдук жайларда жер алдындагы унаа токтотуучу жайларды куруу боюнча долбоор каралып жатат. “КРнын Баш мыйзамынын Жер кодексинде айрым чектөөлөр бар. Бирок бул мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, унаа токтотуучу жайлардын маселесин чечүү мүмкүн”,- дейт.