Кыргызстан 2012-жылы "Жаштардын кайрымдуулук жумалыгында" дүйнө боюнча 102 өлкөнүн ичинен 3-орунду ээлеген

"Жаштардын кайрымдуулук жумалыгына" дүйнө боюнча 135 өлкө катышат. Кыргызстан бул уюм менен акыркы 3 жылдан бери иштешип келе жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелдеги маалымат жыйынында "Flex" программасынын адиси Ирина Заплатина кабарлады.
"Бул акцияга мектеп окуучулары, студенттер, жаш активисттер жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери да катышып жатканы сүйүндүрбөй койбойт. 2011-жылы дүйнө боюнча 102 өлкө катышып, 3502 долбоор ишке ашкан. Ал эми Кыргызстанда 72 акция жаңы долбоор катары катышып жана дүйнө боюнча 4-орунду ээлеген. Ал эми Түндүк Корея 1-орунга татыса, 2-орунду Венгрия алган. 2012-жылы 106 өлкөнүн ичинде 4467 акция, ал эми Борбор Азияда 228 акция уюштурулуп, Кыргызстан 3-орунга татыган. 2013-жылы 135 өлкөдө 5434 долбоор, акция жүргүзүлгөн",- деп кошумчалайт И.Заплатина. Маалыматка таянсак, эӊ активдүү өлкөлөрдүн ичине Пуэрто Рико, Кыргызстан, Ливан, Танзания жана Канада кирген.  
  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
volk.kg
2014-04-02 13:52:09
Tuwunboi jatam kandai4a jumalyk
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан