Жеке ишкер Касым уулу Эсен “Кыргызстан нааразылык акциялардан пайда таппайт, зыяндан башка эч нерсе көрбөйт” деп бүгүн, 2-апрелде маалымат жыйынында билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаардык соода борборлорунун биринин башчысынын орун басары Марат Элебесов “Митингдерди өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу чуу жараткан көйгөй эмес. Бул соттун чечими өлкөбүзгө туруктуулук гана алып келет” деп журналисттерге айтып берди.
Анын айтымында, тынч күндөрү ал иштеген соода борборуна бир күндө 15 миңге чукул адам келет. Ал эми 31-мартта чоң митинг болот деген маалымат тараганда келгендердин саны кескин түрдө 6,5 миңге төмөндөдү.
“Эгер өлкөбүздө жеке ишкерлердин тынчын алган митинг өтсө, биз антимитинг уюштурабыз” дешет жеке ишкерлер.