Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт-унаажол” жана “Эркеч-Там-унаажол” көзөмөл-өткөрүүчү жайлар Кытай тарабынын демилгеси менен 5-7-апрель күндөрү убактылуу жабык болот. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, стратегиялык түйүндөрдүн жабылышынын себеби Кытай Эл Республикасында "Каза болгондорду эскерүү күнү" өткөнүнө байланыштуу. Көзөмөл-өткөрүүчү жайлар 8-апрелде ачылат.