Өкмөт жооп берет: Эски тракторду жаңы МТЗ-82 тракторуна үстөк акчасын төлөп алмаштырсам болобу?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Сүттү кайра иштетүүчү цех ачалы деп жатабыз. Сиздерден жардам болобу, мүмкүн, айыл чарбаны өнүктүүрүү үчүн долбоорлор бардыр? Мындан сырткары министрликте жаңы тракторлор барбы? Менде эски МТЗ-80 трактору бар. Ошону жаңы МТЗ-82 тракторуна үстүнө акча төлөп алмаштырсам болобу? Суроо калтырган Fatally

Жооп: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, министрлик азыркы мезгилдеги айыл чарбасындагы көйгөйлүү маселе болгон айыл чарба субъектилерин айыл чарба техникалары жана ошондой эле ар түрдүү шаймандар менен камсыз кылуу максатында 2011-жылдын 11-июлунда чыккан №382-токтому менен «Айыл Банк» ачык акционердик коомунда туруктуу иштей турган лизингдик кредит булагын ачкан. 

Жогорудагы токтомдун негизинде «Айыл Банк» ачык акционердик коому ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарды айылдык товар өндүрүүчүлөргө, алардан келип түшкөн заявкалардын негизинде лизингге, жеңилдетилген шарттарда берүүдө. Техникаларды лизингге берүү шарттары: 
- лизинг мөөнөтү – 7 (жети) жылга чейин; 
- үстөк пайызы – лизинг алуучунун өз салымынын өлчөмүнө жараша 
- жылдык 6 (алты), 7 (жети), 9 (тогуз) пайызга барабар (өз салымы лизингдин суммасынан 10 пайызынан кем болбоосу зарыл); 
- күрөө – өз салым 30 пайыз же андан жогору өлчөмдө төлөнгөн учурда күрөө катары лизинг предмети (трактор) каралат; 
- лизинг алуучу тарабынан өз салым 30 пайыз кем төлөнсө, кошумча күрөө катары айырмасына кыймылсыз мүлк талап кылынат. 
Дыйкандарга лизингдин түрлөрү жана шарттары боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн "Айыл Банктын" жер- жерлердеги өкүлчүлүктөрүнө кайрылууларын сунуштайбыз. Ал эми окурмандын биринчи суроосу боюнча айыл чарба техникаларын лизингге берүү «Айыл Банк» АКК тарабынан жүргүзүлөрүн жана жаңы гана техника берилерин (алмашуулар жүргүзүлбөйт) белгилеп кетмекчибиз. 

Суроого Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбаны механизациялаштыруу жана энергия менен камсыздоо департаменти жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
acer11
2014-04-02 15:21:14
Менин тушунугум боюнча трактор кредитке айыл банктан алса болот экен. Эски тракторду алмашса болбойт экенда.
+1
zama84
2014-04-03 00:59:58
Ошондойго менда ошентип тушундум
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан