Кыргызстандын түштүк аймагында 6 миңге жакын жаш баланын тек-жайы жөнүндө күбөлүгү жок

“Ар бир наристеге үй-бүлө” аталышындагы коомдук фонду жүргүзгөн изилдөө долбоорунун жүрүшүндө Кыргызстандын Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында 5799 жаш баланын тек-жайы жөнүндө күбөлүгү жок экени белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде адам укугун коргоочу "Эдвокаси" борборунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор 2013-жылдын августунан 2014-жылдын мартына чейин жүргүзүлгөн. Анын максаты - жаш балдарга өздүгүн тастыктоочу документти алууга жардам берүү жана алардын интернаттык мекемелерге барбоосун шарттоо. 

“Долбоордун натыйжасында 5799 документи жок жаш баланын ичинен 1131и тек-жайы жөнүндөгү күбөлүгүнө ээ болду”,- деп маалымдады "Эдвокаси" борбору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurando
2014-04-02 20:35:36
Менинда досумду куболугу жок паспорт жок азыр 17 жашта мектепте окуду 11 жыл еечтеке жок бул досум еми емне кылат билбейм туурасы бирок бул досумдун ата- энеси багып алышкан даа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан