Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун “Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары” өнүктүрүү программасы коомчулуктун талкуусуна сунушталды

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун “Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары” аталышындагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы коомчулуктун талкуусуна сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган программада Бишкек 2014-2018-жылдардын мөөнөтүндө динамикалык экономикага жана пайдалуу башкарууга ээ борбору жана ачык мүмкүнчүлүктөр шаары катары көрсөтүлгөн.

Шаарды өнүктүрүү программасында негизги багыттар белгиленген: коопсуз, ыңгайлуу жана ийгиликтүү шаар.

Программанын негизги милдеттери:

1) Өнүктүрүүгө багытталган реформаларды жана башкаруу системин ишке ашыруу;

2) Шаардык бийликтин кадрларын, тартибин жана процесстерин жакшыртуу;

3) Жаңы ресурс саясатын түзүү.

Эске салсак, кечээ, 1-апрелде Бишкекти өнүктүрүү программасы Бишкектин шаардык кеңешинин талкуусунан өткөн. Ал эми бүгүн, 2-апрелде ал коомчулуктун талкуусуна сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан