Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бүгүн, 2-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Ш.Ганы атындагы мектепке 1 компьютер, Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев орто мектебине 2 компьютер, спорттук эмеректерди КР ИИМнин жана Билим берүү министрлигинин атынан тапшырды.
Курсан Асанов спорттун жакшы жактарына токтолуп: "Спорт - ден соолуктун булагы. Ар бир инсан өзүнүн ден соолугу үчүн кам көргүсү келсе, спорт менен машыгышы керек. Келечекте бул спорт сарайыңардан көрүнүктүү, чыгаан спортчулар чыгат деп ишенем.
Кыргыздын желеги эки учурда гана көтөрүлөт: мамлекет башчыбыз башка бир мамлекет башчысы менен расмий түрдө жолугушканда жана сиздерге окшогон жаштар спорт менен дүйнөлүк аренада байгелүү орундарга жетишкенде. Бул залда тургандар кыргыз желегин көккө көтөрөт деп ишенем”,- деди.
Ак-Сай аймагынын жашоочулары Курсан Асановго терең ыраазычылыктарын айтып, мындан ары да жардам берип, көмөк көрсөтүүнү суранышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.