Эртең, 3-апрелде Бишкек шаарынын жаш активисттери “Кыргызстандын генофонду - чындыкты түшүнө билүү” деген аталышта дискуссия өткөрүшмөкчү. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде уюштуруу тобунун мүчөлөрү кабарлашты.
Уюштуруучулардын айтымында, дискуссиянын негизги максаты - жаштарга айланада болуп жаткан чындыкты жеткирүү. Ошондой эле улуттук салттарды сактап, бири-бирин сыйлоого чакыруу. Ал эми эң негизги тема катары азыркы жаштардын ориентациясын алмаштырып жаткандыгы туурасындагы маселе көтөрүлмөкчү.
Аталган дискуссияга жогорку окуу жайларынын, жаштар партияларынын активисттери катышат.