"Манас" аэропортунда дьюти-фри соода түйүнү ачылды

Кыргызстандын "Манас" Эл аралык аэропортунда дьюти-фри соода түйүнү ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде SUPER.KG порталына аталган мекеменин аткаруучу жетекчиси Илим Карыпбеков билдирди.
Анын айтымында, жакынкы арада "Манас-2" терминалында жана Ош шаарындагы аэропортто бул сыяктуу соода түйүндөрүнүн ачылышы пландалууда. Бул "Манас" аэропортунун башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналат.
Белгилей кетсек, "дьюти-фри" англис тилинен "салыгы жок сатуу" деп которулат. Кененирээк айтканда, дьюти-фри - мамлекеттик чек аралардагы көзөмөл-өткөрүүчү жайларда (бекет, аэропорт, деңиз-порт) жайгашкан соода түйүндөрү. Бул жакта сатылуучу буюмдарга салык салынбагандыктан, алардын баасы арзан болот. Дьюти-фрилерде сатылуучу буюмдарга көп учурда спирт ичимдиктери, тамеки, кол сааттар, уюлдук телефондор, зер буюмдар кирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aviator
2014-04-02 19:19:10
баасы асмандын башы. Кайдагы арзан.
0
AZAMAT555
2014-04-02 22:30:08
Aviator, туура айтасын ото кымбат
0
Sonun90
2014-04-03 13:16:35
Озу кайсы гана аэропорт болбосун ото ото кымбат болот бардык нерсе, бир аз арзаныраак болсо жакшы болбой беле дейм да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан