Кыргызстандагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн 7 мекеменин курулушу пландалган. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мекемелердин курулушу Чүй облусунун Москва районунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Талас облусунун Манас районунда, Ош облусунун Кара-Суу районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Нарын жана Кызыл-Кыя шаарларында пландалган. Социалдык долбоорлордун бюджети 9 530 308 сомго барабар.