Бүгүн, 3-апрелде маалымат жыйынында “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмунун мүчөсү Мээрбек Мискенбаев “Улуттук оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү Равшан Жээнбеков, Садыр Жапаров, Азимбек Бекназаров жана башка оппозициячылар өлкөдөгү кырдаалды курчутуп, балта чаап жатышат” деп айтты.
Анын пикири боюнча, алар өз кызыкчылыктарын гана ойлоп, элди маңкурт катары ойлоп жатышат. “Алар Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин убагында байышкан. 2010-жылдын 7-апрелинде 83 адам Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн каза болгон. Бирок ага карабастан, айрым сойку саясатчылар бийликке келүүгө умтулуп жатышат. Алар "Кумтөр" маселеси менен жамынып жатышат”,- деди Мискенбаев.
"Айкөл Ала-Тоо" коомдук уюмунун башка мүчөсү Шаршеналы уулу Эсен калкты провокацияларга ишенбөөгө чакырды жана көчө оппозициячылары менен кызматташпоону суранды.