Борбордо айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси өтүүдө

Бүгүн, 28-декабрда Бишкек мэриясы менен Чүй облустук администрациясы биргеликте уюштурган айыл чарба азыктарынын жарманкеси ачылды. Баш калаанын Ибраимов-Жумабек көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде орун алган жарманкеге азык-түлүктүн кеңири түрү коюлуп, кардарларга базар баасынан арзан баада сатылууда. Иш-чарага катышкан Бишкек шаарынын вице-мэри Вячеслав Красиенко "бул биздин шаардыктар үчүн жыл сайын уюштурулчу жарманке. Бир эле жайдан керектүү азык-түлүктүн баарын сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү" деп, жарманке өткөрүлчү жай акысыз берилгенин кошумчалады. Жарманке 29-30-декабрь күндөрү да улантылат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан