Бишкекте адал азыктарынын жарманкеси өтүүдө (фоторепортаж)

Бишкекте бүгүн, 1-майда Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында Адал индустриясын өнүктүрүү борбору уюштурган азыктардын көргөзмө-жарманкеси өтүүдө.

Анда адал стандартына туура келген түрдүү азыктар – эт, сүт, кондитер азыктары, косметикалык каражаттар, кийим-кече жана башка продукциялар сатылууда.

“Бул жарманке Бишкекте үчүнчү ирет өтүүдө. Адал азыктарынын талаптары катуу болгондуктан, биздин жарманкеге бардык өндүрүүчүлөр катыша алышкан жок. Былтыр 20га жакын компания катышса, быйыл катышкан ири соода маркаларынын саны 30дан ашты”,- дейт Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун адиси Талант Ерназаров.

Анын айтымында, учурда эт-ашка кармин-кошениль сыяктуу боёк каражаттары көп кошулат. Алар кардарлардын ден соолугуна зыянын гана тийгизет.

“Тилекке каршы, бизде арзаныраак тамак-аш өтүмдүүрөөк келет. Бирок анын сапатынан ден соолук жабыркап каларын баары эле биле беришпесе керек. Мисалы, айрым эт сатуучу жайларда белгисиз жактан алынып келген, ар кандай кошулмалар, боёктор кошулган эттер сатылууда. Жарманкенин катышуучулары ар бир кардарга өз продукциясы тууралуу кеңири маалымат берип, аны даамдап көрүүгө да шарт түзүшкөн. Ошондой эле баалар базардыкынан төмөн”,- деп кошумчалады адис.

Талант Ерназаров күзгө жакын Ош шаарында да адал азыктарынын көргөзмө-жарманкесин өткөрүү пландалып жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
momuntay
2014-05-01 16:05:33
Азыгындан айланып кетем Кыргызстаным. Сагындым го сагындым
+1
donchik81
2014-05-01 16:12:35
Халал эмес адал десек кыргыз тилине туура келет деп ойлоймун.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан