Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
"Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан эмгектин, биримдиктин жана тынчтыктын символу болгон 1-Май майрамыңыздар менен куттуктайм!
Ушул күнү улутуна, динине, тилине карабай бардык эмгек адамдары бири-бирине жаркын маанай, жакшы тилек арнашат.
Кудай буюрса, Кыргызстаныбызда тынчтык болуп, ак эмгектин арты менен өнүгүп-өскөн мамлекеттердин алдынкы сабына кошулабыз. Сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай, ынтымак-ырашкерлик каалайм. Коомубузда дайыма биримдик, адилеттүүлүк өкүм сүрүп турсун!"