Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында жумуртка майрамы белгиленип, анда тургундар жумуртка уруштурушат (фото)

Бүгүн, 1-майда Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында 1-Май майрамынын урматына жумуртка майрамы белгиленүүдө. Анда айыл тургундары сууга бышкан жумурткалар менен урушуп мелдешишет. Бул тууралуу бизге айылдын тургуну Бурул Алибаева билдирип, сүрөттөрдү жөнөттү. Ал эми аталган майрамдын тарыхы тууралуу аталган айылдын кулуну жана бильярд боюнча машыктыруучу Иляс Адамов буларды айтып берди:
"Бул майрамдын качантан бери майрамдалып келе жатканын эч ким так айта албаса керек. Мисалы, мен 1972-жылы төрөлгөм. Алгачкы жолу 5 жашымда майрамдагам. Ата-энем да "убагында биз да майрамдачубуз" деп калышат. Демек, бул биздин ата-бабаларыбыздан келе жаткан майрам десек болот.
Бул күнү эл бири-бирин чакырышпай эле өздөрү айылдын борборуна, мечиттин, дүкөндүн жанына чогулуп калат, жумурткаларын алып. Болгону 1-Май майрамы жакындаганда жумурткаларды чогулта башташат. Анан келген адамдар сөзсүз жаңы кийим кийип келүүгө аракеттенишет.
Оюндун шарты боюнча, оюнчулар жумурткаларды "пайек пайекке" (жумуртканын арткы жагы), "уч учка" деп уруштурушат. Эгер кимдин жумурткасы жарылып калса, ошол адам утулду деп саналат да, колундагысын атаандашына берет. Айрымдар бул оюнда бир чака жумуртка чогултканга жетишишет. Кээ бири жумуртка сатып акча иштеп кетишет.
Бул оюн 1-2 саат ойнолот да, андан соң катышуучулар тоого чүкүрү тергени чыгып кетишет. Ошентип, бул күнү айылдын ичинде өзгөчө шаң, каткырык, жакшы маанай менен майрам тосулат".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
almanchik
2014-05-01 14:56:56
эх канча жылдан беери тосо албаймын бул майрамды Москвада болгондуктан(((
-1
Dadasdasd
2014-05-02 15:18:07
almanchik, Москвада жумуртка жокпу. Ойной бер бышырып алып. Бирок дакан тооктуп жумурткасы жок б к
0
Arstan
2014-05-01 14:57:39
Бизде дагы азырга чейин ойношот,Ноокатта. Убагында ойнойт элек го тукум урушмайды.
+2
moke
2014-05-01 16:10:03
Биз кичинебизде улулдун сырты менен уруштуруп ойночу элек. Булардын оюну башкача экен, тан калыштуу экен ал кунду майрам катары белгилешкени
0
Шаиста Шатманова
2014-05-01 16:11:57
Мындай оюнду, майрамды ушундай белгилешерин биринчи жолу уктум. Кызыктуу экен:))))
+1
donchik81
2014-05-01 16:21:00
Кара-Жыгач айылына барганмын абасы таза.суусу тунук,табияты кооз бирок мындай сонун майрам болушун бильбепмин.
+1
buhaw.93
2014-05-01 16:22:16
биринчи жолу угушум мындай оюнду озум деле Кадамжай районунан болом
+1
Dadasdasd
2014-05-02 15:24:12
buhaw.93, Илгери финал Охнада болот эле. Жумуртканын ичине коргошум куйгандар болот эле.
0
Nur_ma_90
2014-05-01 19:50:02
Билбегендер келгиле Кара-Жыгач айылына, уйротобуз))
0
Baky006
2014-05-01 20:13:18
розовый джемпер ак шымчан кыз ТАТЫНАКАЙ ЭКЕН))))
+1
muha.med
2014-05-01 20:28:53
айылым менин айылым кубанамын!
0
Aksy-13
2014-05-01 21:42:04
Базар-Коргон районунун Бел-Терек (Жапаш)айылында да ушул оюн илгертеден ойнолот экен.
0
MES
2014-05-02 08:17:02
Алга Кара-Жыгач
0
admin_portal
2014-05-02 11:00:24
bekbolot-NOOKAT - эскертүү!
Мазактоого жол жок!
-1
Munara78
2014-05-02 15:09:19
Бул оюн, бизде да, Аксы районунда ойнолуп келет...1-май ушул оюн менен чон майрам да)))
0
tabyshmak
2014-05-02 19:21:02
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл окмотундо да ушул оюн болуп отконун угуп калдым. Биринчи орунга 3000 сом акча коюлган. деп айтылууда.
0
TILEK.8
2014-05-03 01:55:00
орустардын паска сын турап жаткан го
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан