Жалал-Абадда 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык майрамына карата футбол боюнча мелдеш өтүүдө

Жалал-Абад шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт бөлүмү 1-Май майрамына карата футбол боюнча мелдеш өткөрүүдө. Бул оюнга жалпысынан 10 команда катышып жатат. Аталган бөлүм тарабынан футбол оюнуна 5 миң сом акча каражаты бөлүнүп, жеңишке ээ болгон командаларга сыйлыктар тапшырылат.

Шаардык мэриянын дене тарбия, спорт бөлүмүнүн башчысы Адылбек Бакиров: "Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан оюндарыбыздын негизги максаты - шаарыбыздагы жаштарыбызды сергек жашоого жана дени сактыкка тарбиялоо. Ден соолук болсо, калганын адам баласы өз колу менен жасап алат",- деди. Бул тууралуу 1-майда Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан