Бишкекте Союз доорунда жарык көргөн ретро унаалардын көргөзмөсү өттү (фоторепортаж)

Бишкекте бүгүн, 1-майда “Тирүү тарых” деген аталышта ретро унаалардын көргөзмөсү өттү. Аталган көргөзмөгө Репликар үлгүсүндөгү 1905-жылы чыккан унаа жана 1960-1989-жылдар аралыгында СССР доорунда жарык көргөн 28 унаа катышты.  

“Биз уюштуруп жаткан “Тирүү тарых” акциясы Бишкекте акыркы 7 жылдан бери өтүүдө. Бүгүн акцияга катышууга 64 адам өз каалоосун билдирген, бирок айрым шарттарга байланыштуу 28 адам катышты. Ал эми 9-майда өтүүчү көргөзмөгө 64 адамдын катышуусу күтүлүүдө”,- дейт иш-чаранын уюштуруучусу Виктория Петрова.

Анын айтымында, көргөзмөгө катышып жаткан унаалардын тетиктери бир да жолу алмашылган эмес, заводдон кандай чыккан болсо, ошол бойдон сакталып келген. Ал эми унаалардын абалы жана тетиктери комиссия аркылуу текшерүүдөн өткөн соң гана көргөзмөгө катыша алат.

“Иш-чаранын негизги максаты - азыркы жаштарга аз да болсо ата-бабаларыбыз айдаган унааларды жана Союз доорунун тарыхын унаалар аркылуу жеткирүү”,- деп кошумчалайт Петрова.

“Мен ретро унаалардын коллекционеримин, чынын айтсам, алар менен “ооруп” келем. Бир унаа жагып калса, карызга батсам да аны сөзсүз алам. Учурда 15тен ашык унаам бар. Өз убагында мындай унаалар менен ата-энем алектенип келген, кийин шартка байланыштуу алардын бири да калган эмес. Учурда агам экөөбүз бул унаалардын сейрек кездешүүчү үлгүлөрүнүн санын көбөйтүү менен алектенүүдөбүз”,- дейт Азим аттуу мырза.

Көргөзмөдө комиссия тандаган жана "Коноктордун сүймөнчүгү" деп табылган унаалардын ээлери сыйлуу белектер менен сыйланышты.     

Ретро унаалардын парады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
algajawoo
2014-05-02 02:02:17
Волга 21 любимый автомобиль
+2
asiret
2014-05-02 09:05:16
эн сонун маалымат жана суроттор.
+2
Dadasdasd
2014-05-02 12:29:11
Мен да жакшы көрөм эски унааны кычыратып, жылтыратып айдаганды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан