Британияда ислам дини боюнча билим берүүчү бир нече мектеп ачылат. Диний билим берүү тармактарын ачуу боюнча Британиянын өкүлчүлүгү менен бир топ келишимдерге кол коюлуп, жакын арада ишке ашуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Кыргызстан дин башкармалыгынан билдиришти.
“Жалпысынан Британияда жарым миллиондон ашуун мусулмандардын балдары гана билим алышат. Калган эки миллион бала жеткиликтүү билим ала алышпай келүүдө”,- деп билдирет аталган башкармалыктан.
Маалыматка ылайык, британ өкмөтү диний мекеме-уюмдар менен бирге ислам дининдеги окуучулар үчүн мектептерди ачуу менен көчөлөрдө жайгашкан бир нече жарнактарды жок кылуу максатын да коюуда.
Ислам өкүлчүлүгү бул сунушту толугу менен колдоп, британдыктар бул иш боюнча жакындан жардам көрсөтөрүн убадалашты.