Ош шаарындагы «Күн нуру» №39-балдар бакчасында «Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдарды тарбиялоодо оюн жана оюнчуктардын мааниси» деген аталышта семинар болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мекеменин директору С.Аматова балдарды тарбиялоодо оюн менен оюнчуктардын мааниси тууралуу маалымат берип, бул жаатта өзү жетектеген балдар бакчасында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер менен тааныштырды. Мындан сырткары шаардагы оюнчук дүкөндөрү, куурчактар тууралуу маалыматтар берилди.
Жыйынтыгында балдар бакчасынын тайпаларына саякат уюштурулуп, бөбөктөрдүн концерттик программасы тартууланды.
Ага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов баш болгон аталган башкармалыктын өкүлдөрү жана шаардагы балдар бакчаларынын директорлору катышты.