Баткенде 29-апрелден 1-майга чейин "Ички иштер органындагы аялзатынын ролу" аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чара Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилигинин колдоосу менен, аялдар кеңешинин демилгесинин негизинде ишке ашырылды.
Тегерек столдун максаты - облус аймагында кырдаалдын татаалдыгына байланыштуу күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, чек араны бекемдөө үчүн өз кызматтарын так аткарып жаткан Баткен ОИИБинин кызматкерлеринин моралдык жактан рухун көтөрүү, кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөр арасындагы маселелерди талкуулоо. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги А.Алимбеков мындай тегерек стол биринчи жолу өткөрүлүп жатканын белгилеп, облуста жагдай бир аз татаалдашып жаткан учурда келип кабар алгандыгы үчүн өздүк курамдын атынан терең ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен бирге тажрыйба алмашкандык туура деп эсептээрин кошумчалады. Жалал-Абад облусунан келген ИИМдин өкүлдөрү Баткендин маданий эстеликтери жана тарыхый жерлери менен таанышышты.