Орусияда баңгиликти мажбурлап дарылоо мыйзамы күчүнө кирет

Орусияда 24-майдан тарта баңгиликке көз карандыларды мажбурлап дарылоо мыйзамы күчүнө кирет. Бул туурасында орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул мыйзам баңгизат колдонгон же психотроптук каражаттарды (заттарды) врачтын жазып берген кагазы жок колдонгон Орусиянын ар бир жаранына тийиштүү болот. Соттун чечими менен баңгилер мажбурланып текшерүүдөн, дарылоодон, медициналык, социалдык реабилитациядан же болбосо профилактикалык процедурадан өтүшү керек болот.  

Мындай кадам менен мыйзам долбоорунун авторлору баңгилерди өзүнүн көз карандылыгынан айыгып кетүүсүн көздөшүүдө.

Эгерде баңги дарылануудан баш тартса, ал 4-5 миң рубль тегерегиндеги айып пул төлөп же 30 суткага камакка алынат. Мындай айыпка медициналык жайдан уруксатсыз чыгып кеткен же дарыгердин эскертүүсүн эки жолу аткарбаган баңги да тартылмакчы.

“Бүгүнкү күндө Орусияда 8 миллион баңги бар. Бул мыйзам долбоорунун ишке кирүүсү үчүн Орусия бардык жактан даяр”,- деп билдирген Орусиянын башкы наркологу Евгений Брюн

Жакынкы жылдар аралыгында мамлекеттик калыбына келтирүүчү борборлоруна баңгизатына көз каранды 2 миңге жакын адам мажбурлап дарылоого жиберилет.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан