"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" мыйзам долбоорунун эксперттик тобунун үчүнчү отуруму болуп өттү

КРнын Юстиция министрлигинин жыйындар залында «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө КРнын мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтун үчүнчү отуруму болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, отурумдун жүрүшүндө «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» КРнын мыйзамына эксперттик жумушчу топтун сунуштарын эске алуу менен төмөнкү блоктор боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү презентациясы жүргүзүлдү:

- мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алууга укугу бар жактар;

- мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү тутумун башкарууга жооптуу уюштуруу түзүмүн аныктоо.

Эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү жогорудагы мыйзамдын долбоору боюнча сунуштары жана ойлору менен алмашышты. Ал эми эксперттик жумушчу топтун кийинки отуруму 6-май күнү өткөрүлмөкчү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан