2014-жылдын алгачкы 2 айында 591 жумушсуз жаран кесипкөйлүк окутууга жөнөтүлгөн 

2014-жылдын январь айынан март айына чейин 591 жумушсуз жаран кесипкөйлүк окутууга жөнөтүлүп, 434 адам жумуш орду менен камсыздалды. Бул туурасында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын расмий сайтында жазылган.

Маалыматка ылайык, окутуудан кийин 434 адам жумуш орду менен камсыз болгон. Андан сырткары апрель айынан баштап жумушсуздар үчүн дубал жана жер таманды профессионалдуу жылуулоону үйрөтүү боюнча долбоор иш алып барууда. Окутуу №4-кесиптик лицейинде өтүүдө. Окуу мөөнөтү 2,5 ай. Май айынан тарта 2013-жылы №4-кесиптик лицейинде болуп өткөн “Ишкердүүлүк жана бизнести карамакка алуунун негиздери” окутуу курсун кайрадан ишке киргизүү пландалууда. Жыл башынан бери башкармалык 15 окуу жай менен келишим түздү. Анын ичинен 6сы - менчик окуу борбору, ал эми 9у - кесипкөй лицейлер.

“Кесиптердин тизмеси кеңири. Жумушсуздар арасында тил, бычып-тигүү курстары, чач жасалгалоо, компьютердик курстар суроо-талапка ээ” деп айтылат маалыматта.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mahabat.
2014-05-03 11:24:43
мен да азыр убактылуу жумушсузмун.кантип ушундай курстарга илинсем болот.СУПЕР???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан