Быйыл жыл башынан бери дүйнө боюнча 40 журналист өлтүрүлгөн

Эртең, 3-майда дүйнөлүк коомчулук Бүткүл дүйнөлүк басма сөз күнүн белгилейт. 2013-жылы дүйнө боюнча 70 журналист, 2014-жылдын башынан бери 40 журналист өлтүрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан иш-чарада билдирди.

Маалыматка ылайык, 1992-жылдан бери 1000 журналист каза тапкан, мындай санаганда ар бир жумада бирден журналист. Ошол себептерден улам чыр-чатак, кагылышуу чыккан жерлерге барган журналисттер өз коопсуздугу үчүн баштарына “көгүш каска” кийүүгө мажбур болушту. Бирок көптөгөн жерлерде бейпилдикти орнотуучу форма алардын коопсуздугуна кепилдик боло албайт.

“Көз карандысыз, айкындуулук массалык маалымат каражаттарынын туруктуу өнүгүүсүндө өтө маанилүү. Бирок айрым мамлекеттерде журналисттер кыйын кырдаалдарга туш болушат. Камакка алынып, эркинен да ажыроодо. ММКлардын өкүлдөрүн коркутуп, өлтүрүп кеткен учурлар да жок эмес. Бул фактылар сөз эркиндигинин коргоого алынышы керектигинен кабар берет. Глобалдуу ММКлардын жана журналисттерден көз каранды болгон дүйнөдө журналисттерге мындай мамиле кылуу мүмкүн эмес”,- деп билдирди Пан Ги Мун.  

Анын айтымына караганда, 2013-жылы ММКнын 211 өкүлү камакка алынган. Көпчүлүгү куугунтукталды. 2008-жылдан бери 456 журналист куугунтукталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан